Биз социалдык тармакта

Чүйдө баңгизат сатууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалды 

Чүйдө мыйзамсыз баңги каражаттарын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн биринде баңги каражаттары сакталууда деген маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган үйдөн шек жараткан 19 жаштагы К.Б. аттуу жаш жигит кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар, белгисиз нерсе табылган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан