АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүлбөсө, аларга кыйын болорун билдирди. Бул тууралуу Трамп кечээ, 12-февралда Ак үйдө журналисттерге жооп берип жатып айткан.
Анда АКШнын лидери Иран тарап менен келерки айдын ичинде келишим түзөрүнө үмүт артарын белгилеген.
"Мен Иран менен каалаганча сүйлөшөм, алар менен келишим түзө алабызбы, муну көрөбүз. Келишим түзүлбөсө, биз экинчи этапка өтүшүбүз керек. Бирок бул алар үчүн өтө оор болот",- деген Трамп.