
Бишкекте жаранга кол салып, акчасын тартып алууга шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу 13-февралда шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-январда саат 05:30 чамасында "Глобус" дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында белгисиз адамдардан турган топ алдын ала макулдашылган аракеттер менен Ы.К. аттуу жаранга дене жаракаттарын келтирип, 10 миң сом өлчөмүндөгү акча жана болжол менен 5 миң сом турган видеорегистраторду ачык түрдө тартып алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Ж.М. аттуу жаран кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоого жана кылмышка катышуу даражасын белгилөөгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.