Бишкек - Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунун 255-чакырымында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде тазалоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Ала-Бел ашуусуна 13-февралда саат 10:50 чамасында кар көчкү түшкөнү кабарланган.