Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короосу сууга толуп, ал жердеги унааларды көмүп калган. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, окуя Абдрахманов көчөсүндөгү Бакыт өргөөсүнүн бет маңдайындагы көп кабат үйдүн короосунда болгон.
Видеодон ал жерде ӨКМдин кызматкерлери жүргөнүн көрүүгө болот. Учурда министрлик абал тууралуу маалымат бере элек.