Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык милиция 4-февраль күнү Ички иштер министрлигинин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 42 жаштагы Д.У. аттуу жаранды кармаган. Аталган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары камакка алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, мындан ары мыйзамдарды так сактай турганын билдирген.