Жогорку Кеңеш келерки жумада УКМКнын жаңы төрагасын дайындоо маселесин карайт

Жогорку Кеңеш келерки жумада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына жаңы талапкерди дайындоо маселесин карайт.

Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги 11-февралда парламентке макулдашуу үчүн киргизилген. Бул маселе 16-февралда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетте каралат. 17-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетте талкууланып, андан соң пленардык жыйында каралат.

Эске салсак, Жумгалбек Шабданбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан