Биз социалдык тармакта

Баткенде коргоо ордерине карабай зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Т.А. өз жубайына бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү аныкталды. Ал өткөн жылы 3 жолу аялына зомбулук көрсөтүп, коргоо ордерин алган. Быйыл да кайталгандыктан, ал кармалды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан