Социалдык тармактарда тамантануу жайына келген майыптыгы бар адамга көмөк көрсөткөн официанттын видеосу суктануу жаратты. Мындай видео Ош шаарындагы кафелердин биринде тартылган.
Видеодон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамга ал жерде эмгектен тейлөөчүнүн тамак берип, камкордук көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Ал эми ал жерде эмгектенгендердин бири ал адам тамактануучу жайдын туруктуу коногу экенин жана ар дайым жакшы маанайда жүрөрүн жаза кеткен.