
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 13:00дөн тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Маалыматка ылайык, учурда каттам бар, жолдор ачык. Тиешелүү кызматтар тарабынан жолду тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу. Азыркы тапта жол кыймылы кадимки тартипте жүрүүдө.