
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү таратты. Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына ылайык, 13-16-февраль аралыгында өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Ошондой эле жолдордо муз тоңуп, кыймыл шарттары начарлайт.
ӨКМ айдоочуларга тоолуу трассаларда транспорт каражаттарынын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоону эскертти. Жарандарды этият болууга жана мүмкүн болсо коркунучтуу тилкелерге барбоого чакырат.