АКШ менен Иран Женевада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

АКШ менен Ирандын делегациялары 17-февралда Женевада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Алдын ала маалымат боюнча, сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк программасына багытталат деп күтүлүүдө.

"Шейшембиде Женевада АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөрү күтүлүүдө", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, буга чейин Иран менен АКШнын делегациялары Оманда жолугушуу өткөргөн. Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык диалогду жандандырууга багытталган жана аймактык жана глобалдык коопсуздук үчүн маанилүү деп бааланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан