Грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, белгилүү балбан Канат Бегалиев кызын турмуш жолуна узатты. Тойдогу видеолор социалдык тармактагы баракчаларга жарыяланды.
Маалым болгондой, кыз узатуу тою Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.
Бегалиев өз сөзүндө кудасы 1 миллион сом калың бергенин, ал дагы септин ордуна эки жашка өз чыгымдарына 1 миллион сом берерин айткан.