Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн 37 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 13-февралда «Бандит» операциясынын алкагында колго түшкөн.
Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренеси (Адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча баңгизат каражаттарын ири же өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз сатуу) жана 210-беренеси (Кылмыштуу уюмду уюштуруу же ага катышуу) боюнча эл аралык издөөгө алынган.
"Шектүү И.М.М. Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, Орусиянын ар кайсы шаарларында атайын түзүлгөн интернет-дүкөндөр аркылуу баңгизаттарды сатуу менен алектенген", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.