Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Камчыбек Ташиев менен анын жакындарын каралаган фейк аккаунттар иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Генерал Камчыбек Ташиев жана анын жакындарын каралаган фейк аккаунттар иштеп жатканын байкадык. Муну кырдаалды атайын курчуткан чагымчылдык катары баалайбыз. Тиешелүү органдар иш алып барып жатат, жыйынтыгы чыкса андай чагымчылдар жазаланат.
Социалдык байланыш тармагында саясий кутум уюштуруп, чагымчыл маалыматтарды таратуу кылмыш болуп эсептелет. Жазылган чагымчыл посттор мазмунуна жараша кылмыш иши катары каралат. Андыктан жазган пикирлерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз", - дейт ал.