Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3 жана Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болуп, бир адам жабыркаган.