Кечээ, 15-февралда Бишкек - Теплые ключи унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун касыздоо башкармалыгы билдиргендей, саат 15:30 чамасында 2000-жылы туулган С.Б. Хундай Соната үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып рулга ээ боло албай жардан Аламүдүн суусуна кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жана белгисиз азиат улутундагы 20-25 жаштагы 2 кыз окуя болгон жерден каза болду. Ал эми 2000-жылы туулган дагы бир жүргүнчү Ж. уулу А. ар кандай дене жаракаттары менен Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Учурда кыздардын өздүгү такталууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.