Биз социалдык тармакта

Ошто короз уруштургандар кармалышты

Кара-Суу районунда ортого акча коюп, кумар оюну катары короз уруштургандар кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар мындай оюнду 37 жаштагы жарандын үйүнүн короосунда уюштурушкан. Ал жерге 100дөн ашык коңшу өлкөнүн жараны жана 200дөн ашык жергиликтүү тургундар чогулушкан. Алар ички иштер органдарына жеткирилип, бармак издери алынып, өздүктөрү такталган. Коңшу өлкөнүн 7 жаранына Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 5500 сомдон жалпы 38 миң 500 сом айып пул салынган.
Учурда аталган оюнду уюштуруучулардын жана катышуучулардын аракетине юридикалык баа берүү үчүн кылмыш ишин козгоо маселели каралууда.
Ошто короз уруштургандар кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан