Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында кар күрөп жатып кулап, электр зымдарына илинип калган жаран куткарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ал коргоочу каражаты жок иштеп жаткан. Аны чубалгыларга илинип турган жеринин ӨКМдин куратуучулары алып түшүштү. Бактыга жараша ден соолугуна зыян келген эмес.
Окуяны тийиштүү кызматтар териштирип жатышат.