
ӨКМдин 16-февралдагы билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында бир күндүн ичинде 7 өрт кырсыгы катталды.
Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган.
Министрлик өрт коопсуздугун так сактоого чакырат.