Биз социалдык тармакта

Чүйдө кыз урдоого шектелген 19 жаштагы үч жигит кармалды 

Чүйдө адам урдоого шектелген үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-февралда райондук милицияга 20 жаштагы Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Т.Д. аттуу жаран бир нече таанышы менен кыздын үйүнө келип, күч менен үйүнөн чыгарып, ур-токмокко алган.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары 19 жаштагы үч жигитти кармашкан. Учурда кармалган М.Б., Т.Д. жана Ж.А. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан