Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 22-январь күнү саат 09:26лар чамасында катталган. Анын кесепетинен турак үйдүн бөлмөсүндөгү төшөнчүлөр, кийимдер күйгөн. Ошондой эле бөлмөнүн ичинен түтүнгө ууланган, 1931-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табылган. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.