Тажикстандан ири өлчөмдөгү ооган тектүү баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу кошуна өлкөлөргө алып өтүп, таратуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 16-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь айында мурда адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон 1984-жылы туулган Ш.Э. жана 1987-жылы туулган А.М. аттуу Кыргызстандын жарандары менен мурда бир нече жолу соттолгон жакынкы кошуна өлкөнүн 1970-жылы туулган Т.Р. жана 1980-жылы туулган И.У. аттуу жарандары кармалышкан.
Ошол эле учурда алар тарабынан сатууга даярдалган ири өлчөмдөгү бангизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.