Чүйдө 20 жаштагы жигит мал уурдоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалымат боюнча, 12-февралда райондук милицияга А.К. аттуу жарандан арыз түшкөн. Жаран 10-12-февраль күндөрү Москва районуна караштуу Беловодское айылында жайгашкан короосунан үч баш кой уурдатканын айткан. Натыйжада жабырлануучуга жалпы суммасы 60 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 20 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалган. Тергөө учурунда шектүү уурдалган малды үчүнчү жактарга сатканын, акча каражатын жеке муктаждыктарына жумшаганын билдирген.
Учурда шектүүнүн дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.