2012-жылдын 11 айында жакыр жашаган 15 миң адам дары-дармек жагынан даректүү социалдык жардам алышкан
2012-жылдын 11 айында Кыргызстанда жакыр жашаган 15003 адам дары-дармек жагынан даректүү социалдык жардам алышып, жалпы чыгымы 4522,4 миң сомду түздү. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, борбор шаардын тургундарына 46 алдын ала дарылоо мекемелери медициналык жардам көрсөтүүдө. Алардын ичинен 19 үй-бүлөлүк медициналык борбору, 5 студенттик стоматологиялык поликлиника, 11 оорукана жана 10 атайын мекемелер. Учурда Бишкекте алдын ала дарылоо мекемесинде 3098,75 врач эмгектенет.