Чолпон-Ата шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Анын турак жайынан төмөнкү буюмдар табылган:
- HATSAN 125 үлгүсүндөгү 4,5 миллиметр калибрлүү оптикасы бар пневматикалык курал;
- Узундугу болжол менен 30-35 сантиметр болгон жыгач саптуу канжар;
- 3 даана заводдук аңчылык бычак (кыны менен), узундугу болжол менен 20-25 сантиметр;
- 2 даана заводдук бүктөлмө маки;
- Тиешелүү документтери жок ак түстөгү SEADOO FLI 373 KD үлгүсүндөгү 2 тактылуу моторлуу катер;
- Болжол менен эликтин мүйүзү;
- 4 даана балык уулоочу кайырмак;
- 2 даана балык салуучу түйүлгөн баштыкча.
Аталган бардык буюмдар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.