Балыкчы шаарында уюшкан кылмуштуу топтун мүчөлөрү кармалып, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы жарандын турак жайынан 1 даана 12 калибрдеги ок атуучу курал табылса, 62 жаштагы жарандын үйүнөн 31 жаштагы жаран табылган. Ал 2021-жылдан бери Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча издөөдө алынган.
Алынган далил буюм боюнча тиешелүү соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Ал эми 31 жаштагы жаран Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.