Кыргызстандык самбочулар Минсктеги эл аралык мелдеште эки коло медаль утушту

Кыргызстандык самбочулар Беларустун Минск шаарында өткөн эл аралык мелдеште эки коло медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, күжүрмөн самбо боюнча 98 килограммга чейинки салмак категориясында Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми спорттук самбо боюнча 64 килограммга чейинки салмак ченинде Саяк Бараканов коло байге жеңген.
Беларустун президентинин байгесине арналган самбо боюнча XXX эл аралык турнир 14-15-февраль күндөрү өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан