
Эки кыргызстандык спортчу Швецияда өткөн эл аралык мелдеште чемпион болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, 13-15-февраль күндөрү 17 жашка чейинки кыздар арасындагы күрөш боюнча “Klippen Lady Open” аттуу эл аралык мелдеш болуп өткөн. Анда Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Асел Токтосун кызы (49 килограммга чейин) жана Айдеми Асангазиева (53 килограммга чейин) мелдештин жеңүүчүлөрү аталып, алтын медалга ээ болушкан.