Биз социалдык тармакта

"Булки" түнкү клубунун күзөтчүлөрү бейбаштык фактысы боюнча кармалышты

Бишкек шаарындагы "Булки" түнкү клубунун күзөтчүлөрү бейбаштыкка айыпталып кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.Ж. жана С.Э. аттуу жарандар милицияга арыз менен кайрылып, аталган түнкү клубтун күзөтчүлөрүнө карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, 2026-жылдын 30-январында болжол менен саат 05:00 чамасында түнкү клубдун ичинде күзөтчүлөр тарабынан денесине залал келтиришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган Т.О., 2006-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандар кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан