
Нарын облусунун Кочкор районунда баасы 7 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 16-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2012-жылы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштун ичинде жайгашкан, жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкелери мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 миллион 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.