Синоптиктер билдиргендей, эртең, 17-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4... +9, күндүз +13... +18;
- Талас жергесинде түнкүсүн +5... +7, күндүз +15... +17;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7... +9, күндүз +16... +18;
- Нарын аймагында түнкүсүн -2... -4, күндүз +3.. +5;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... -2, күндүз +8... +10;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +7... +9, күндүз +16... +18 градус.