Биз социалдык тармакта

Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип жалган милиция кызматкери кармалды

Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Ош шаарында убактылуу жашап жаткан жаранды телефон аркылуу "Делюкс" мейманканасынын жанына чакырып, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, 3-5 суткага камай тургандыгын айтып коркутуп, андан 15 миң сом алып кеткен. Ошондой эле ал жабырлануучудан ар жума сайын 10 миң сомдон акча берип турууну талап кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши ачылган.
Шектүү 35 жаштагы жаранды да коркутууга алып, анын колунда турган капчыкты, 7700 сомун ачык түрдө тартып алган жана кошумча акча таап коюуну талап кылып, жабырлануучу жашап жаткан батирден чыгып кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Ачык түрдө мүлк тартып алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, Кара-Суу районунун тургуну колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан