Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө УКТ мүчөсүнүн үйүнөн курал-жарак табылды

Каракол шаарындагы Таш-Кыя айылынын 46 жаштагы тургунун үйүнөн курал-жарактар табылды. Ысык-Көл облустук милициясы ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирди.

Төмөнкү буюмдар алынган:

  • 1 даана 7,62 миллиметр СКС сайлуу куралы;
  • 1 даана ТОЗ-8 сайлуу куралы;
  • 5,45 миллиметр калибриндеги 39 даана ок;
  • 7,62 миллиметр калибриндеги 27 даана ок-дары;
  • Белгисиз маркадагы 1 даана тапанча жана ага тиешелүү 2 даана ок кутучасы;
  • Белгисиз калибрдеги 15 даана травматикалык резина ок-дары;
  • ТОЗ-8 куралына тиешелүү 4 даана ок-дары;
  • Сайсыз куралга тиешелүү 20 даана ок-дары;
  • 2 даана бычак.

Табылган буюмдар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан