УКМКнын Бишкек шаарындагы мурдагы башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбековдун жакыны делген Вазелин каймана аты бар жаран кармалганы айтылууда. Бул тууралуу ЖМКлар өз булактарына таянып жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусу боюнча УКМКнын Улан аттуу тергөөчүсүн кармашкан. Ал Вазелин деген каймана ат менен белгилүү болуп, Эльдар Жакыпбековдун жакын адамдарынын бири катары эсептелгени айтылууда.
Кармалуунун себептери жана анын процессуалдык макамы боюнча расмий органдар азырынча маалымат бере элек.
Буга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалган.