Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди 

Бүгүн, 17-февралда өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттамдар үзгүлтүксүз. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Тараз - Талас - Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Мындан улам жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткүлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.
Ал эми Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында каттамдар бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан