Баткен шаарындагы “Баткен Таңы” редакциясынын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткен факт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан аталган имарат 0,22 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз сатылып кеткен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлдү.