Нарындын Кочкор районунда өткөн көк бөрү боюнча мелдеш жагымдуу окуя менен коштолду.
Анткени оюнчулардын бири сүйлөшкөн кызынын колун сурап, колуна шакек салып, үй-бүлө түптөө сунушун киргизди. Кыз да макулдугун берип, ал жердегилерге жүгүндү.
Интернет желесине тараган жагымдуу учурду коомчулук жылуу кабыл алып, жакшы каалоолор айтылууда.