Интернет желесинде таасирдүү видео кеңири тарады. Анда казаксатындык Гүлнара аттуу кыз апасынын туулган күнүндө ырды жаңсоо тилине которуп берип жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө таасир калтырганы - Гүлнара угуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабастан энеси үчүн жасаган мамилеси жүрөктү жылытты. Коомчулук анын эмоцияны кыймыл аркылуу жеткирүү талантын баалап, чыныгы сүйүү ар кандай тоскоолдуктардан күчтүү экенин жазышууда.
Гүлнара мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине карабай театрда актриса болуп иштейт.