Биз социалдык тармакта

Бишкекте милициянын үч кызматкери кызматтык шалаакылыкка шектелүүдө

Кызматтык шалаакылык жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 3-бөлүгүндө (Башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча милициянын лейтенанты А.у.К., милициянын лейтенанты К.А. жана милициянын капитаны К.М. аныкталды.

Алар УКМКнын тергөө камагына камакка алынды. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан