Биз социалдык тармакта

Өзгөндө 5 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарындагы Салижан Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 5 миллион 517 миң 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан