Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев улакчы бир тууган Ниязовдор уюштурган аламан улакка ӨКМдин тик учагы менен барды делген маалыматтарды четке какты. Ал агасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас экөө аламан улакка барышпаганын айтты.
"Тик учак менен Шайырбек Ташиев жана Таймурас барыптыр дешип жатышат. Мен өмүрүмдө тик учакка түшө элекмин. Учакка болсо түшүп жүрөм. Тик учакка бир дагы түшө элекмин",- деди ал.
Социалдык тармактарда Шайырбек Ташиев жана Таймурас Ташиев ӨКМдин тик учагы менен Ошто өткөн аламан улакка барышты деген маалыматтар тараган.