22-январда Бишкектеги “Караван” соода борборунда эки кыз чачташып кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө А.Асел аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 22-январда саат 10:00дөр чамасында соода борбордун 2-кабатында Лилия аттуу кыз экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Чырдан улам Лилия Аселди сабап салган.
Жогорудагы факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн-1 районунун тургуну Р.Лилия кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.