Бишкекте 24 жана 22 жаштагы жигиттер каракчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2 күн мурун, тагыраагы, 15-февраль күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жалил көчөсүндө жайгашкан жатаканага кирип барышып, чет өлкөлүк кызды бычак менен коркутушуп, анын бриллиант сөйкөсүн жана билеригин тартып алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Тергөөдө уурдалган зер буюмдар алынган жана ээсине кайтарылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.