Бүгүн, 17-февралда Бишкек - Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчкү аталган жол тикесине саат 12:10 чамасында түшкөн. Жол бетине түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.
"Учурда Бишкек - Ош унаа жолу бардык автоунаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат",- деп билдирди министрлик.