Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда баңги кылмышын жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунда баңги кылмышын жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 17-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, ички иштер органдарынан качып, издөөдө жүргөн 1989-жылы туулган М.Д.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагында кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеме жарандарга мыйзамга ылайык баңгилик кылмыштарды жасагандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо жана 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

Жалал-Абадда баңги кылмышын жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан