
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Кара-Үңкүр капчыгайына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган жол тилкеси бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө. Капчыгайга түшкөн кардын көлөмү 1400-1600 метр кубду түзгөн.
Министрлик учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.