Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталып, шектүүлөргө айып пул салынды. Бул тууралуу 17-февралда Жаратылыш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик кармалып, пайдаланылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 263-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 12 500 сом айып пул салынды. Ошондой эле 9 даана кекилик үчүн 36 000 сом өлчөмүндө доо эсептелди.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырат.