Ош шаарынын мэриясынын имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, имарат мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
"Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын ички жана тышкы бөлүктөрү жаңыланып, инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылууда. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүн талапка ылайык жабдуу каралууда. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери шаардык инфраструктураны жакшыртууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин чатырына күндөн энергия ала турган жабдыктар орноштурулган.