Бүгүн, 17-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Иш-чарага курулуш министринин биринчи орун басары Самат Жантелиев жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты.
Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы Ош облусунда 16 мектептин жаңы имараты ишке берилген.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой президентибиз Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири окутуунун сапатын арттыруу жана бардык шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө республикада мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап көптөгөн жаңы мектептер курулуп, ишке берилүүдө”,- деди Касымалиев.
Белгилей кетсек, аталган орто мектептин эски имараты айылга 50 жыл кызмат кылып эскилиги жеткен эле. Ал эми жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлгөн. Заманбап окуу аудиториялары, китепкана, ашкана, канализация, ысык жана муздак суусу бар заманбап 275 орундуу жаңы мектеп имараты пайдаланууга берилди.